Акыйкатчынын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевден кабар алышты

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 12:28
0 ой-пикир

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Атамбаевдин ден-соолугунун оорлошконун анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан. Уулу Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүздүк натыйжаларга алып келиши ыктымал экенин айтып жатышканын жазган.

Бирок УКМК мурунку мамалекет башчынын ден соолугу туруктуу экенин, ага дарыгерлер тынымсыз көзөмөл салып турушканын айткан.

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган экс-президенттен кабар алууга барбай тургандыгын билдирген. Ал мурунку мамлекет башчыга дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып жатканын жүйөө келтирип, УКМКга ишенбей коюууга негиз жок экенин айткан эле.

Бирок көп өтпөй омбудсмендин аппаратынын кызматкерлери акыры Алмазбек Атамбаевден кабар алышкан. Алардын маалыматы боюнча УКМКдагы кармоо шарттарына Атамбаев нааразычылыгын билдирген эмес.

«Акыркы убактарда кан басымым тез-тез төмөндөп жатат, андыктан дарыгерлерге кайрылууга аргасызмын», -деген Атамбаев.

Сүйлөшүү маалында башка дагы маселелер көтөрүлгөн. Алар боюнча акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзөт. Бирок кандай маселелер боюнча сөз болуп жатат, такташкан эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.