Жээнбеков: Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 13:24
0 ой-пикир

Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, мыйзам чыгаруу иши солгундайт.

«Ошондуктан сиздерге кайрылаарым, азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени, кийинки парламент келип, ишин баштаганча, өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек», — деген президент мыйзам базасына болгон анализ менен таанышып чыккандыгы айтты.

Өлкө лидери быйыл биринчи кезекте, балдарды колдоо саясаты көңүл борборунда болот, деди.

«Балдарга жөлөкпулду чектөөнүн жаңы тартибин аныктаган, аярлуу үй-бүлөлөрдү колдогон, коррупциялык тобокелдиктерди азайткан, санарип технологиялары терең колдонулган нормаларды камтыган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет. Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, мындай иштердин алдын алуу, кароосуз калган балдардын ар бирине камкордук көрүү боюнча жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын милдеттерин күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу абзел. Бул мыйзамдарды быйыл, балдарды колдоо жылында ишке киргизүү — абдан маанилүү. Элдин тынч жашоосун камсыздоо, коомдун коопсуздугун чыңдоо, тартипти күчөтүү, кылмыштуулукту ооздуктоо максаты менен укук коргоо, прокуратура органдары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр парламентке киргизилет», — деди президент.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.