Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 19:09
0 ой-пикир

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү максатында Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды. Мындай чечим парламенттин 20-февралдагы жалпы жыйынында кабыл алынды.

Буга «жаңы жагдайлар пайда болгону» себеп экени айтылды. Комиссиянын иши 21-мартка чейин узартылды.

Комиссиянын мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов «Азаттыкка» билдиргендей, Түркиядан маалымат келе элек.

«Жаңы жагдай дегенибиз — биз жетишпей жатабыз. Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча, кыргыз жарандары боюнча Түркиядан эч кандай кабар келген жок. Ошондуктан узарттык», — деди ал.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө Саймаити бир канча билдирүү жасаган. Ошол жылы ноябрда өзү Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Иликтөөлөрдө көмүскө акча агымдарына Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин айтылган. Ал өзү иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, мунун баары «жалган жалаа» деп эсептей турганын билдирген.

11-февралда депутаттык комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чакырылары айтылган.

Башкы прокуратура Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары жашыруун деген гриф коюлганын маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.