Улутстатком эл каттоого мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 10:32
0 ой-пикир

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтарын киргизүү боюнча мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Бул туурралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Калктын жеке маалыматтарын жана коопсуздугун коргоо максатында, тиркемени ачууга бардыгы үчүн мүмкүнчүлүк жок. Тиркемени орнотуу каттоочулардын Android 5.0 жана андан жогорку кубаттуулукта болгон уюлдук телефондоруна жана планшеттерине орнотулат.

Ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн логини жана сыр сөзү болот. Мобилдик тиркеме эки тилде болот: мамлекеттик жана расмий тилде (кыргыз жана орус).Маалыматтар базасына окуу режиминде кирүү үчүн инструктор-контролдоочуга ноутбук жана 4G модеми берилет.

Анкеталарды толтурууда каттоочу кетирген логикалык каталарды инструктор-контролдоочу текшерип, комментарий жазып кайтарып берет. Анкеталарга өзгөртүү киргизүүгө каттоочунун гана укугу бар.

Мобилдик тиркемелерди тестирлөөнүн жыйынтыгы кагаз түрүндөгү суроолор баракчасы менен салыштырганда бир катар артыкчылыктары бар:

— маалыматтардын сапатынын жакшыргандыгы;

-каттоочунун күн сайын аткарган ишинин жыйынтыгына көз салуу;

-автоматтык багыттаманын оңдоп-түзөө мүмүкүнчүлүгү;

— реалдуу убакыт ичинде каттоонун жүрүшүн көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү;

— каттоодогу талаа персоналдарын эффективдүү башкаруу.

2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейинки мезгилде өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда каттоо иши 20-апрелинен 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо бөлүмүнүн координатору катары 506 адам ишке алынат. 2 556 адам инструктор – контролер жумушка алынат. Мындан тышкары 24 837 каттоочу адам ишке алынат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.