Оштогу ок атышуу. Кашкар Жунушалиев Алайга барды

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 13:18
0 ой-пикир

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр жергиликтүүлөр менен жолугушуу маалында өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктары менен коопсуздугун камсыз кылуу — бул ИИМдин түздөн-түз милдети экендигин билдирген.

«Арпа –Тектир айылынын тургуну Рахманберди уулу Төлөгөн боюнча, ошондой эле Ош облусунда жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга катыштыгы бар адамдардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат», — деп белгилеген Жунушалиев.

Ошондой эле министр Жунушалиев Рахманберди уулу Төлөгөндүн айланасындагы окуяларга токтолуп, ал жана анын шериги Эмилбек Киманов кылмышка шектүү экендигин айткан.

«Бул боюнча маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Качып жүрүшөт, экөөнө тең издөө жарыяланды. Таза болуп, күнөөлөрү жок болсо, анда укук коргоо органдарына кайрылышсын. Акыйкат тергейбиз жана күнөөсү далилденгендер жазага тартылат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз», — деп кошумчалаган министр.

Жолугушуунун соңунда өз ара пикир алмашуу болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» аттуу президентке видеокайрылуу таркаган. Видеонун каарманы Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып аны коркутушканын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.