Эл каттоо-2020: суроолорго жооп

Окуялар тизмеги, Статьялар 19 Фев 2020 14:05
0 ой-пикир

Кыргызстанда 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин калкты жана турак жай фондун каттоо болот. Бул жолу Улуттук статистикалык комитет  суроолор баракчасын электрондук форматка өткөрүү боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» тиркемесинин базасындагы программаны колдонот. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан. Калкты каттоо ишине аз гана убакыт калгандыктан Улуттук статистикалык комитет көп берилген суроолорго жооп берди.

Учурда Кыргызстандын калкынын саны канча?

— 2019-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 390 миң.

Калкты каттоо акыркы жолу качан болду эле?

— Эгемендүү Кыргызстанда 1999-жылы биринчи улуттук каттоо жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 4,8 миллион адам катталган. 2009-жылы Эл жана турак жай фондун улуттук каттоонун жыйынтыгы боюнча 5,3 миллион адам каттоодон өткөн.

Эл жана турак жай фондун каттоо республиканын аймагында 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде, ал эми республиканын алыскы аймактарында 2020-жылдын 20-29-апрелине чейинки мезгилде жүргүзүлөт.

— Бул каттоо мурункулардан эмнеси менен айырмаланат?

— Башкы өзгөчөлүгү маалыматты электрондук ыкмаларды колдонуу менен чогултуу болуп эсептелет. Ошол эле учурда алынган маалыматтарды чогултуу Улуттук статистика комитетинин серверинен каттоочуларга алардын Android 5 жана андан жогору версияларындагы жеке телефонуна же планшеттерине орнотулган тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. 

Каттоо барагынын суроолор жыйнагына биринчи жолу көрүү, угуу жана басып жүрүүгө байланышкан көйгөйлөрү бар калктын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүнүн чектелиши боюнча суроолорду камтыган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын индикаторлору киргизилди.  Бул ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген калктын санын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, маалымат технологияларын жана күн батареяларын колдонууну билүүлөрү  тууралуу кошумча суроолор да киргизилген. Мындан тышкары, КМШ жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгынын алкагында каттоо барактарына эмгек миграциясы боюнча суроолордун блогу да киргизилген.

— Каттоо процесси кандай жүрөт?

— Туруктуу жашаган жери боюнча ар бир адам сүрөтү жана жергиликтүү администрация башчысы тарабынан коюлган колу, мөөрү басылган күбөлүгү бар катточу менен маектешет. Алардын жооптору каттоочунун телефонундагы электрондук каттоо барагына киргизилет, андан ары Улутстаткомдун  борбордук серверине иштетүү үчүн жөнөтүлөт. Жеке маалыматтарды коргоо жана коопсуздук максаттарында сурамжылоонун жыйынтыктары ачык жеткиликтүү каражаттарга жайгаштырылбайт.

Коопсуздук максатында жана эсептөөчүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн ар бир эсептөөчүнүн күбөлүгүнүн уникалдуу QR-коду менен болот. Аларды каттоо үчүн алдамчыээмес, а каттоочунун өзү келгенине респонденттер ишеним алгысы келсе, алар QR-кодун сканерден өткөрө алышат. Сканерден өткөргөндөн кийин смартфондун экранында УСКнын серверине шилтеме чыгат, анда  каттоочунун: анын сүрөтү жана фамилиясы, аты, атасынын аты боюнча маалымат жайгаштырылат. Бирок жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында каттоочунун ФААнын бир канча тамгасы жабык болот. QR-кодунун үстүнө мөөр коюлбай турганын эске алуу керек. 

— Көчөсүнүн аталыштары жана үйлөрдүн номурлары жок, мисалы,  жаңы конуштарда эл каттоо кандайча өтөт?

— Биринчи вице-премьер-министр К.Бороновдун төрагалыгынын алдында Республикалык комиссиянын отурумунда бекитилген Календарлык планга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоону өткөрүү башталганга чейин республиканын турак жай фондунун чарбаларынын даректерин тартипке салууга милдеттүү. Бул көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, аталыштары жок көчөлөргө аталыштарды ыйгарууну, курулуп жаткан турак жайдагы үйлөрдүн жана квартиралардын номерлерин аныктоонубоюнча иштерди жүргүзүүнү болжолдойт. 

— Респонденттер алардын маалыматтары ишенимдүү корголгон деп ишене алышабы?

—Маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу жарандык-укуктук келишимдерде жана каттоо барактарына жетүүгө укугу бар кампаниялардын  бардык катышуучуларынын кызматтык нускамаларында менен каралат. Бул принциптин бузулушу республиканын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. Респонденттер берген маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу максатында, каттоочунун жеке телефонуна орнотулган мобилдик тиркеме, алынган маалыматтарга ачык жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Бул учурда, ар бир эсептөөчүгө on-line жана off-line режиминде иштеген мобилдик тиркемеге кирүү үчүн жеке логин жана пароль берилет.

— Эгер жаран эл каттоого катышуудан баш тартса, анда ал мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаары белгилүү болгон. Өзү тууралуу маалымат бербеген жарандарды кандай жаза күтөт?

— Эл каттоо маанилүү мамлекеттик иш-чара болуп санала тургандыгы жалпыга белгилүү жана милдеттүү мүнөзгө ээ, ошол үчүн сурамжылоодон өтүп аткан адам талап кылынган маалыматтарды билдирүүдөн баш тарта алышпайт. Баш тарткан учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.

— Эл каттоо мамлекетке эмнелерди берет?

—Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.

Каттоолорго негиз катары өзүн аныктоо принциби камтылган, б.а. зарыл маалыматтар тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин ооз эки айткан сөздөрүнөн алынат. Каттоонун жүрүшүндө сурамжылануучу жарандыгынын же каттоосунун бар-жогуна, жашаган жерине же белгилүү жашаган жерине карабастан, бардык калк эсепке алынат.

Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Башкача айтканда, эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү коомдун көз ирмемдеги портрети болот жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

— Чет өлкөдө иштеп жаткан эмгек мигранттарынын жана ички мигранттардын саны эсепке алынабы?

Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын бардык жарандары чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлөрдө бир жылдан ашпаган мөөнөт жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагында бир жыл жана андан ашык жүргөн жарандар үчүн алгачкы жолу атайын каттоо формасы иштелип чыккан, ал эл каттоонун жүрүшүндө колдонулат.

Калктын айрым категориялары (аскер кызматчылары, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле чет мамлекеттеги республикасынын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн персоналдары) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тийиштүү  органдар аркылуу каттоодон өтөт.

— Биздин коом өтө саясатташкан жана социалдык тармактардын кабарлаган маалыматтарына караганда, алдыда боло турган эл каттоону айрымдары 2020-жылы Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Шайлоолор, биринчиден — бул саясий иш-чара, анда Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана жашы жеткен, добуш берүүгө укугу бар  адамдар гана катыша алат. Мындан айырмаланып, эл каттоо бул толук масштабдуу мамлекеттик иш-чара болуп саналат, ага жарандыгына карабастан, өлкөнүн бүт  калкы катышат.

— Каттоо иш-чараларына канча адам тартылат деп пландалууда?

Каттоо өткөрүүнүн бүт мезгилинде, каттоо материалдарды иштеп чыгуу жана эл жана турак жай фондунун каттоонун жыйынтыктарын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улутстатком жана анын аймактык органдары тарабынан болжол менен 28 миңге жакыны адам персонал, алардын ичинен 25 миңге жакыны каттоочулар убактылуу ишке тартылат. Жалпысынан өлкөнүн аймагында 505 каттоо бөлүмдөрү жана 2557 инструктордук участоктор түзүлөт. Мында, мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөө жүргүзүүгө катышкан, 18 жаштан жогору курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына артыкчылык берилет. Мындан тышкары, жумушка кабыл алуу үчүн Android 5 жана андан жогорку системасынын башкаруусунда болгон уюлдук телефону болушу зарыл шарт болуп саналат.

— Каттоонун жүрүшүндө респонденттердин кайсы маалыматтары эсепке алынат?

Каттоо анкетасында негизги суроолор болуп жынысы, туулган күнү, үй бүлөлүк абалы, улуту, өлкө жана туулган жери, убактылуу жок болгондугу же убактылуу жашагандыгы жөнүндө белгинин болушу, жарандыгы, тилдерди билүүсү, респонденттин миграцияга тийешеси барбы, билими барбы, билим берүүчү жайда окуйбу же бала бакчага барабы, иши жана жашоо булактары жөнүндө маалыматтар саналат. Ошондой эле компьютерди, Интернетти жана уюлдук байланышты колдоно билүүсү тууралуу маалыматтар эсепке алынат.

— Бардык иштерди жүргүзүүгө канча убакыт талап кылынат?

— Башталган иштерди 2023-жылда аяктоо болжолдонууда. Каттоонун бүткүл процессин даярдоо мезгилине шарттуу түрдө бөлүүгө болот: ага ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, уюштуруу-методологиялык жана технологиялык камсыздоо, пилоттук каттоо, эл арасында массалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ишке тартылган каттоо кызматкерлерин окутуу кирет. Андан кийинки жана негизги этап, бул каттоону өткөрүүнүн өзү болуп саналат, бул каттоочулар тарабынан калк жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча иштерди камтыйт. Жана акырында, үчүнчү жыйынтыктоочу этаптын жүрүшүндө Улуттук статистика комитети тарабынан алынган каттоонун материалдарын иштетүү, анын жыйынтыктарын талдоо жана жайылтуу, ошондой эле алынган маалыматтарды сактоо боюнча иш-чаралары өткөрүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.