Аялын унаа менен бир нече метрге чейин сүйрөп барган күйөө сөрөй кармалды

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 11:14
0 ой-пикир

Аялын унаа менен 5 метрге чейин сүйрөп барган Оштун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-февралда болгон. 43 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Жапалак айылында аялын мончодон кийин тосуп алып, ага зомбулук көрсөтөт.

«Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайра кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Жабырланган аял ооруканага жеткирилген. Ал эми зомбулук көрсөткөн эркек сөрөй убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.