Адвокат: УКМК Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырууну көздөгөн

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 17:33
0 ой-пикир

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бир дагы күбө аталган иште коррупция фактысына күбө болгондугун же катышкандыгын айткан жок. Мындай пикирин Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

Жактоочунун айтымына караганда, учурда акча каражатын же болбосо башка материалдык баалуулуктарды берип же алып жатканын эч ким өз көзү менен көргөн эмес.

 «Иштин материалдарына ылайык, УКМК Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыргысы келген деген версия аныкталып жатат», — деп жазган адвокат.

УКМК бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги 2019-жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.