«Республика» партиясы шайлоого барбайбы?

Окуялар тизмеги 18 Фев 2020 16:34
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын каржылабай калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал.

Кенжебек Бокоевдин маалыматына караганда, «Республика» шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоолордон партия Каракол шаар кеңешин шайлоого катышууну чечкен.

«Балыкчы сүйлөшүлүп жатат, Ошко быйыл жетишпей калдык» -деди Бокоев.

«Республика» партиясы акыркы парламенттик шайлоого «Ата Журт» партиясы менен тандемде «Республика — Ата Журт» деген аталышта катышкан. Жыйынтыгында 28 мандатка ээ болгон.

Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодо экинчи орунду ээлеп, жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашык добушун алган.

Азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) ага байланыштуу сегиз кылмыш иши иликтенип жатканын саясатчы өзү айткан. Бул иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Ал саясаттан кеткенин жарыялап, былтыр 24-декабрдагы курултайда партиянын лидерлигин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.