Шайлоо-2020. Аша чаапкан адмресурс

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 17 Фев 2020 09:02
0 ой-пикир

Бийлик административдик ресурсту дайыма жана баардык шайлоолордо колдонуп келген. Административдик ресурс шайлоо өнөктүгүнө катышка бийлик партияларына берилген «бонус» деп койсок болот, себеби шайлоого болгон үгүт иштери кандай багытта болбосун, алар бийлик тарапты жактаганы жактаган. Шайлоодо жеңип чыгуудагы негизги курал адмресурс экендиги да эч ким тана албаса керек.   

Коомчулук жана “Ак үйдүн” батасын албаган саясатчылар үчүн жарандардын туруктуу каттоодо турган даректерин массалык түрдө өзгөртүп жаткандыгы коркунуч туудурууда. Медиа айдыңында бийликчил партиялардын активдүү болбой жатканы, бийлик административдик ресурсту добуш алуу үчүн негизги курал катары колдоноруна ишенип жатканынан кабар берет. Жакында жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо өтчү шаарларда жашагандардын саны өтө тездик менен өсүп жатканы тууралуу маалыматтардын чыкканы бийлик үчүн дагы коркунучтуу белги десек болот.

Себеби, биринчиден, жер-жерлерде “Ак үйгө” иштеп берип жаткандар сырды сактабай жатышат. Болбосо бул маалыматтар коомчулукка чыкпай, дым болуп калат эле. Экинчиден, стратегияны дагы тактиканы дагы өзгөртүү зарылчылыгы жаралды. Эми шайлоочулардын тизмеси менен ойноп, ар түрдүү ыкмаларды колдонууга мүмкүнчүлүк жабылды. Анткени, ММКлар, жарандык коом, партиялардын байкоочулары, эл аралык байкоочулар ж.б. тизмелерге катуу көзөмөл жүргүзүп баштайт. 

Кошумча тизмелер, “карусель” ж.б. жолдор менен жеңип чыккан партиялардын жеңишинин легимтдүүлүгү утпай калган партиялар жана коомчулук тарабынан талаш жаратышы мүмкүн. Себеби массалык түрдө каттоодо турган жерин (пропискасын) которуу факты “Ак үй” шайлоонун жыйынтыктарына таасир берүүгө жан үрөп жатканынан кабар берет. Ачык булактардан даярдалган анализ коомчулук бул абалды дал ушундай кабыл алып, ушундай баа берип жатканын көрсөткөн.

“Ак үй” азырынча көпчүлүккө белгилүү болбогон партияларга басым жасап жатат. Азырынча алар эч кандай көзгө көрүнгөн иш-аракеттерди жасашкан жок. Шайлоого чейин аз эле убакыт калганын эске алсак, алар Кыргызстандын кайсы бурчунда болбосун ар бир үйгө кирип өздөрүн таанытыш керек.

Жаңы лидерлер же лидерлер тобу эл арасында таанымал болушу кажет. Ал эми аты белгилүү адамдар Жогорку Кеңешке “Биримдиктин” же “Мекеним Кыргызстандын” тизмеси менен бара турган болсо, анда алар дал ушул партиялардын атын чыгарышы абзел. Мындан сырткары, шайлоочулар партияларга ишениши үчүн алар баардык суроолорго, анын ичинде ыңгайсыз суроолорго дагы жооп берүүгө милдеттүү.

Жеңишке жетүү үчүн шайлоочулардын добушуна ээ болом дешсе, алар Иосиф Сталинге карата айтылган макалдагыдай болуп добушту санагандарга ишенбей, элдин ишенимин багындыруусу керек.

Жогорку Кеңешке болгон шайлоого саналуу гана айлар калды. Жергиликтүү кеңешке богон шайлоо болсо улам жакындап келе жатат. Ал эми азыр эч кандай шайлоонун шарапаты билине элек, баары дымып турат. Демек, шаардык кеңештерге жана парламентке болгон шайлоодо бийликтин саясий технологдору добуштарды административдик ресурстун жардамы менен алууну пландап жатышат.

Себеби шайлоо расмий түрдө уруксат берген үгүт иштери учурунда баардык партиялар активдүү иштеп баштайт дагы, шайлоочулардын көңүлүн бурдуруу бир топ кыйын болот.

Бул системалык ката “Ак үйгө” кымбатка туруп калышы мүмкүн.

Бийликтин кеңешчилери балким үч айда элге таанымал болуп чыга келген Бакиведин “Ак Жолун” же Өмүрбек Бабановдун “Республикасын”, “Ата Журт” “Кыргызстан” жана “Бир Бол” партияларын туураганы жатса керек. Себеби бул партиялардын баары шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калганда коомчулукка чыгып, жетиштүү добуш топтоп, парламентке өтүшпөдү беле. Бирок бул партиянын ар биринин өзүнүн калың капчыгы болгон. Анын үстүнө бул жаңы партиялардын ийгилиги учурунда абал азыркыдан алда канча башкача болчу.  

Elgezit.kg аналитикалык тобу

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.