«Өмүр үчүн күрөш!»: Ошто волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши өттү

Окуялар тизмеги 17 Фев 2020 10:57
0 ой-пикир

Ош шаарында «Өмүр үчүн күрөш!» урааны астында волейбол боюнча кыздар арасында волейбол мелдеши өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешти уюштуруунун максаты айымдар арасындагы ынтымакты бекемдеп, бири-бирине болгон колдоону арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу менен биргеликте, рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбекованын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.

Азыркы тапта Айжамал апасы менен баш сөөгүн алмаштыруу үчүн, Индия мамлекетинин Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан операциясына 70 миң доллар керектелүүдө. Буга чейин Бишкек шаарында да «Өмүр үчүн күрөш!» деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, «Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы» коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түзгөн.

Мелдештин расмий ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, КРнын волейбол боюнча федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, «Борбордук Азиянын Аялдар лигасы» коомдук фондунун негиздөөчүсү Асель Атабекова жана кайрымдуулук иш-чарасын колдоп келген ар тармакта эмгектенген инсандар, волейбол катышуучулары катышты.

Турнирде өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарынан 30га жакын команда күч сынашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.