Искендер Матраимов видео кайрылууга жооп кайтарды

Окуялар тизмеги 16 Фев 2020 15:08
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка» комментарий бергенде айтты.

Буга чейин, социалдык тармактарда «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» аттуу президентке видео кайрылуу таркаган.

Искендер Матраимов муну каралоо деп баалады:

— Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз — ред.) Бишкекте жашасак, анысына да, мунусуна да аралаштырып, окшоштуруп жатышат. Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Биздин криминалдар менен ишибиз жок.

Искендер Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Матраимовдордун Ошто «Эрем» деп аталган спорт клубу бар.

Видеодо ок жеген спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» дегени айтылат.

Анда Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып аны коркутушканын билдирген. Ал “Бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын айтууда.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз» деп маалымат таратты. Милиция Төлөгөн Рахманберди уулу тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деген жүйөнү айтууда.

Сыдыков акыркы жолу Рахманберди уулуна карата 29-январда бир нече адамдардын кол салуусу боюнча иш козголуп, териштирүү башталганын, бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартканын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүүнүн жыйынтыгы айтыла элек.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин EREM спорт клубунда машыгып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.