ИИМ: Ок жеген спортчунун видео кайрылуусу иликтенет

Окуялар тизмеги 15 Фев 2020 21:34
0 ой-пикир

Ички иштер министрлиги спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке жолдогон видео кайрылуусуна байланыштуу иликтөө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 15-февралда билдирди.

Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке видео кайрылуу жолдогон. Анда Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айтып, алар бул тууралуу ооз ачпоого үндөп келгенин билдирген.

Милиция Рахманберди уулу кайрылуусунда айткан маселе боюнча ал мурда бир канча жолу суракка келгенин, бирок өзү ошол фактыны четке какканын маалымдады.

Президенттик аппараттан азырынча реакция боло элек.

Кайрылууда Рахманберди уулу «Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кланынын айынан тынчтык көрбөй жатканын» белгилеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.