Ошто азан айтуу боюнча сынак өттү. Сүрөт

Окуялар тизмеги 14 Фев 2020 11:28
0 ой-пикир

13-февралда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттердин азанчылары үчүн атайын сынак уюштурулду, деп жазат «Барс Медиа» сайты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш  хатибиятынын баш имамы Исак ажы Юнусов жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имамы Абдилазиз ажы Абдурахманов катышышты.

“Мечитке келип жамаат менен намаз окуу чоң сооп болсо, ал эми ошол адамдарды азан айтып намазга чакыруу, ар кимге да насип кыла бербейт. Сиздердин эрте менен күндүн суук болушуна карабай жылуу төшөктөн туруп, багымдат намазына айткан азанындарды угуп, канчалаган адамдар соопко ээ болууда”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов

Айта кетсек, сынакты 4 адамдан турган калыстар тобу текшерди. Алардын баары Куранды толук жаттаган кары болгондуктан дыкат көңүл бурушту.

Жыйынтыгында бардык азанчылардын азаны талапка жооп берип, кээ бирлери тез аранын ичинде оңдоосу керектиги жөнүндө эскертүү берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.