Азимбек Бекназаров элчилик кызматка Малайзияга сапар тартты

Окуялар тизмеги 14 Фев 2020 15:09
0 ой-пикир

Азимбек Бекназаров Малайзияга сапар тартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook-баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү.

Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине орчундуу өзгөрүүлөр алып келерин билдирген.

«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 26-декабрда дайындалган.

Ага элчилик кызматты президент Сооронбай Жээнбеков өзү сунуштаган.

Жакындале ал өлкөгө инвестиция тартуу Өкмөттүн иши экенин, элчинин жоопкерчилигине кирбестигин айтып, катуу талкууга алынган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.