Азимбек Бекназаров Малайзияга сапар тартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook-баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү.
Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине орчундуу өзгөрүүлөр алып келерин билдирген.
«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 26-декабрда дайындалган.
Ага элчилик кызматты президент Сооронбай Жээнбеков өзү сунуштаган.
Жакындале ал өлкөгө инвестиция тартуу Өкмөттүн иши экенин, элчинин жоопкерчилигине кирбестигин айтып, катуу талкууга алынган.