Алмазбек Атамбаевдин уулу Москвага эмнеге барды?

Окуялар тизмеги 14 Фев 2020 11:02
0 ой-пикир

КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү Москва шаарына барышты. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кадырбек Атамбаевди Москва шаарына КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков менен барган. Алар диаспоралардын башчылары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адистер, саясат талдоочулар жана журналисттер менен жолугушушкан.

Ошондой эле социал-демократтар партиялар аралык кызматташуунун алкагында Россия Федерациясынын мамлекеттик думасында жолугушууларды өткөрүшкөн. Ага Россиянын эң алдыңкы үч партиясынын өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, тармактуу комитеттин башчылары катышышкан. Тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин, сырткы саясатты талкуулашып, 2010-2017-жылдардагы Кыргызстан жана Россия ортосундагы реалдуу стратегиялык кызматташуусун эскеришип, 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүшкөн.

Кадырбек Атамбаевдин маалыматына караганда, келечекте дагы бул сымал жолугушуулар байма-бай өтүп турмакчы. Жана бул иш сапар КСДП партиясы үчүн өтө жемиштүү болгон. Айтымында, Кыргызстандын Социал-Демократиялык Партиясы өз ишин активдүү уланта берет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.