Тарых сабактары. Көчмөндөрдүн байыркы мыйзамы тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Фев 2020 18:09
0 ой-пикир

Зайнидин Курманов – атайын Elgezit.kg үчүн.

Кордайдагы казактар менен дунгандардын ортосундагы этникалык ызы-чууга байланыштуу биздин тараптан айрымдар Казакстан менен болгон чек араны жабуу керектигин айтышууда. Алар мындай сунушун, Казакстан дагы мурда Кыргызстанда төңкөрүш болгондо чек арасын жаап алганы менен түшүндүрүүдө. Маңкурттар, акылсыздар жана чагымчылдар гана ушундай ой жүгүртөт дейт элем.

Жардамга муктаж болуп тургандарга кол сунуу – бул көчмөндөрдүн байыркы мыйзамы. Жада калса, душмандарына дагы жардам берип келишкен, себеби оор кырдаал ар бир адамдын башына келиши толук мүмкүн. Талаа, тоолор – бул адамдар бири-бирине байма-бай каттап турчу шаар эмес. Боз үйлөр бири-биринен алыс жайгашкан, айрым боз үйлөрдүн ортосунун аралыгы ондогон, жүздөгөн чакырымга чейин жеткен. Кыргыздар дагы бир жолу айкөлдүгүн көрсөтүп, муктаж болгондорго кайрадан өз эшигин ачты. Кайрадан дегенибиз, буга чейин дагы Россиядан көчүп келгендерди кабыл алып, XX кылымдын 30-жылдарында ач калган казактарды киргизип, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы аскердик туткундарды кабыл алган болчу. Өзүбүздө жашоо оор болуп турган шартта дагы Кавказдан, Поволжьеден, Алыскы Чыгыштан репрессия болгон элдерге эшигибизди ачканбыз.

Тарыхта кыргыз эли оор кырдаалда калган элдерге көмөктөшкөн бир топ учурларды эске салсак болот. Биринчи кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноевдин маалыматына ылайык, Атаке-бийдин башкаруусу учурунда ага казак султаны Абыла (Аблай) кайрылып, ич ара согуштун натыйжасында казак талааларынан качкан уруусуна жардам берүүнү өтүнгөн. Алардын тагдырына Чүй бийлеринин дагы тиешеси болгон. Ошентип кеминдик сарыбагыштардын жана чүйлүк солтолордун арасында казак тектүү “абыла” тукуму пайда болгон. Кыргыз урууларынын аталышын алсак деле, айкөл кыргыз эли башка элдерди дагы – калмактарды, кытайларды (монгол тилдүү кидандар ж.б.) өз курамына кошуп алганын көрүүгө болот. Биздин элдин толеранттуулугу, чыдамкайлыгы, айкөлдүгү, меймандостугу, гумандуулугу менен сыймыктансак болот.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.