Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 13 Фев 2020 15:47
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда, Тажикстан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Исландия Республикасынын, Словения Республикасынын жана Израиль Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын аткарган иши жана кесиптик тажрыйбасы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берип, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштардын бекемделишине жакшы таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.

Ар бир элчи менен маектешүү учурунда Мамлекет башчысы, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуудагы келечектүү багыттарды талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, инвестицияларды тартуу тармактарындагы алакалардын келечеги талкууланды.

«Сиздерге Кыргызстанда жемиштүү дипломатиялык ишмердикти каалайм. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошосуздар деп ишенем. Талкууланган багыттар боюнча биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу биздин кызматташтыкты сөзсүз арттырат», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Тажикстан элчиси Назирмад Ализода менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Бул процессти эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен тездетүүнүн мааниси белгиленди.

Иран, Исландия, Словения жана Израилдин элчилери мамлекет башчысына Кыргызстанда ишке ашыруу ниетиндеги негизги милдеттери тууралуу айтып беришип, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.