Жээнбеков: Региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 10:46
0 ой-пикир

«Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат. Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок. Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда», — деп сөзүн баштады Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Өлкө башчысынын айтуусуна караганда, өткөн жыйында жеңил өнөр жайын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жөнүндөгү маселелер талкууланган. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга сунуштар берилген.

«Ошондой эле бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну макулдашканбыз. Аны менен катар, Комитеттин мүчөлөрүнө региондордо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасы берилген», — деди президент.

Президенттин айтымында, өткөн жылы элет жериндеги ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалды. Салык жагында сезилээрлик жеңилдиктер берилди. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду.

Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн бошотулду (кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктар). Жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылды. Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт», — деп билдирди президент .

Мамлекет башчысы ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылгандыгын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.