Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 17:41
0 ой-пикир

Бүгүн 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Жеңүүчүлөр

1-орун үч медиага — «Азаттыкка», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасына — Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

2-орун — «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

3-орун –Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн​ «FactChek» басылмасынын редактору​ Болот Темировго берилди.

Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти​ Марат Акимбек уулуна «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналист ​Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 30 жашка чыкмак.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Соттук – медициналык экспертиза анын өлүмүнүн себебин «сууга чөгүү» деп аныктаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.