Бүгүн 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.
Жеңүүчүлөр
1-орун үч медиага — «Азаттыкка», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасына — Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
2-орун — «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
3-орун –Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн «FactChek» басылмасынын редактору Болот Темировго берилди.
Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти Марат Акимбек уулуна «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналист Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.
Белгилей кетсек, иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 30 жашка чыкмак.
«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Соттук – медициналык экспертиза анын өлүмүнүн себебин «сууга чөгүү» деп аныктаган.