УКМК: Интернетте «халифат» түзүүгө чакырган жаран кармалды

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 14:18
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча шектүү Интернет аркылуу «халифат» түзүүгө чакырган. Кармалган кишинин жашаган жерин тинтүү учурунда андан экстремисттик багыттагы материалдар табылган.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, шектүү №1 тергөө абагына камалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм деп таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.