УКМК: Финполиция кызматкери тарабынан түзүлгөн коррупциялык схема аныкталды

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 10:59
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) кызматкери тарабынан уюштурулган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн КР аймагына салык төлөмдөрүсүз товар ташылып келип турган туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Такталгандай, 2017-2018-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Исык-Ата райондорунун райондор аралык бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери К.С.А., кызыкдар адамдар менен биргеликте, КР аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалган түрдө С. О. уулу жана Д. А. уулу наамына жалпы суммасы 127 млн сомду түзгөн товарларды импорттогон. Андан кошумча нарк салык түрүндө алына турган 15 млн сом төлөнбөгөнү аныкталды. Мындан тышкары аталган Финполиция кызматкери эл аралык издөөдө жүргөн «БМВ-Х5″ үлгүдөгү авто унааны пайдаланып жүргөнү такталды», — деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрь айларында Финполициянын жетекчилиги тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизде К.С.А ээлеген кызматынан четтетилген. Аты аталган Д. А. уулу жана башкаларга салык төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча өзүнчө сотко чейинки өндүрүш иштер ачылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.С.А. КР Кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айып тагылууда. 6-февраль күнү Октябрь райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.