Россия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну көздөөдө

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 16:07
0 ой-пикир

Россия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат. Бул тууралуу Россиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди, — деп жазат РИА Новости.

Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

Россия тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөмөй болгон. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү.

​Белгилей кетсек, Кыргызстанда Россиянын төрт аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.