Өлкөнү алдыда эмне күтөт? Өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алайдан төлгө

Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Фев 2020 15:36
0 ой-пикир

Өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алай мындан мурда мен Кытайга вирус жөнөтүп койгом деп айтканы бар. Ал Bars.Media сайтына эмне үчүн Кытайга вирус жөнөтүүнү чечкени жана алдыда бизди эмне күтүп жаткандыгы жөнүндө маек курган. Окурмандарга бул маекти толук сунуштайбыз.

Кытайга вирус жөнөткөнү тууралуу

Илгери кыргыздар элин сактап калыш үчүн жайчылары жаан жаадырган, куюн чакырган. Ошол сымал эле, мен дагы кыргызды сактап калыш үчүн, Кудай ордуна отурган адам катары дүйнөнү табият аркылуу жазалап, анан баарын алдыма алып келип, аларга илим берип, анан ааламдык түшүнүккө өткөрөм. Мен Кытайды эле жазалап жаткан жокмун, биринчи алардан баштадым. Себеби, бизге Орусия, Европа өлкөлөрү же башка мамлекеттер жолтоо болгон жок, Кытай жолтоо болду. Биринчиден, кыргыздын Үзөңгү-Куушун тартып алды, 500 миллион долларга бааланган ЖЭБди 3 эсе кымбат жасады, кыргыздын айласын кетирип карызын доолап баштады. Мындан башка да толтура. Ошондуктан биз илимдештерим менен бирге биринчи Кытайды соттогонбуз.

Бир эле Кытай эмес

Мен адамзатты, аша чапкан жеке адамдарды соттоп коём. Мен Кытайды эле эмес, Улуу Британияны да соттогом. Себеби, улуу кыргыз деп бизди ааламдан берип атса, алар болсо Улуу Британия деп коюп алса. Анан ойлондум, Улуу Британия деп коюп алып, улуулук кызматты кылып жатабы? Мен сыяктуу куткарып, улуулукту айтып, адамзатка жол көрсөтүп жатабы? Жок. Ошондон кийин Улуу Британия Евробиримдиктен чыгабыз, үй-бүлөөсүндө боштондукка чыгып жашайбыз деген нерселер башталды.

Асмандагы аалам деген чоң энергия мени сен Теңир ата болдуң, ордуңа отурдуң, дүйнөнү сен табият менен башкарасың деп мени коюп койду. Жер ааламын Арстан Алайга багындырган көсөө, жан дүйнөлөрүн ойготуучу, жазалоочу сабоо кылды. Табиятка эч ким каршы чыга албайт да. Анан ошондо мен айткам, улуу кыргызга Кудайлык энергия берилип атса, анан аны Кытай же Улуу Британия башкарып алмак беле? Алар экономика менен кыйынсынса, мен аларды экология менен басып салам дегем. Мына ошол кызматты мен кылып атам.

Коронавирус Кыргызстанга келеби?

Кыргызстанга бул вирус келет деп ойлобойм, себеби, мен кыргызда көп адамды өстүрүп койдум. Медицина кыйын болсо ошончо жылдан бери ракка дары табат эле, коронавируска да дары таппайт. Кыргызды кырсык каптабайт, себеби, Арстан Алай Кудай ордуна отурду дагы адамзатты, ааламды айлантып жатат. Вирусун, куюнун жөнөтүп жатат, соттоп жатат же мээримин төгүп жатат.

Коронавирустун дарысы качан табылары жөнүндө

Кытайдагы вирусту айыктыруу үчүн вакцинанын да, шприцтин да кереги жок. Кытай кысылып жашайт, ошондуктан аларды энергия кысып коюп атат. Адам боштондукка чыгып, ошону түшүнгөн кезде эле айыгып кетет.

Ааламдан берилген, дүйнөдө азыр 7 миллиард калк болсо, ошонун 30 пайызы гана калат. Кытайда вирус чыгып, андан 200-300 киши өлдү деген бул жөн эле бысмылдасы. Бул башталышы гана. Бул кырсык токтосо башка кырсык чыга берет, кыскасы айласын кетирип алып кетет. Үйдөн таштандыны чыгаргандай, Жерден да жаман адамдар тазаланышы керек. Кытай вакцина ойлоп тапты деп атпайбы, тапкан жок.

Кантип Кудай болуп калганы тууралуу

Теңир ата көзүмө көрүнгөн, кадимкидей эле “Теңир атаңмын” деп айтып, мага ушул илимин берген. Анан сен чоң адамгерчиликтүү болуп алдың деп чоң ааламды берген. Булуттарды кантип мамлекеттерге жылдырып коёт, ушуну көрсөтүп койгон. Ак унду алып келчи, жети токоч нан болчу деп туруп эле, колуңду салып табиятты бейишке айлант деп колумду салдырган. Ошондо окшуп-окшуп кеткем. Анан табиятты бейишке айлант деген. Кыш жоюлуп, бейиш болот. Бул Кыргызстандан башталат. Мен сүйлөдүмбү, ал аткарылат.

Эгер кыргыз элине, Арстан Алайга мындай касиет бербесе, анда Кытай Америкага баш ийбейт, Орусия дагы башка мамлекетке баш ийбейт. Ошон үчүн мен бул жерде Кудайлык кызматымды аткарам.

Касиет качан келген?

Мен 4 жашымдан көрүнүш көрөм, 200-300 жыл алдын ала көрөм. Машина айдап баратсам деле көрө берем. Түштөн аян алам, кадимкидей эле кулагыма угулат.

Теңир ата мени энергия катары кийгиче өзүмө байланышка чыгып турган. Анан ошол көзүмө көрүнгөндөн бери көрө элекмин. Ошону менен байланыш токтоду дагы, өзүмдүн ичимде сүйлөп баштады.

Ааламдан берилет, вирус жөнөт, куюн жөнөт, Түндүк муз океанды эрит дейт, мына мен эритип атам. Анын эмнеге эрип жатканын окумуштуулар таппай жатат. Биз ошентип касиет менен башкарабыз.

Вирусту, куюнду, өрттү мен жөнөтүп жатам, табият менен эмне кырсык болсо, ошонун ээси менмин. Кыш болбойт дегем, эми ошол келип жатат. Мына, Орусияда азыр “где русский мороз” деп издеп жүрүшөт.

Атамбаев, Жээнбеков тууралуу

Атамбаев соттолот, Сапар Исаков командасы менен кетет десем, эл ишенбей койгон. Андан кийин мен Сооронбай Жээнбеков тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бериши керек, ошондо элге жакшы болот деп айткам. Кетсин деп митингге да чыктык. Ал пенде катары жакшы адам, бирок, ал аалам сырын билбейт. Ал кааласа, каалабаса да быйыл бийликтен кетет. Өз каалоосу менен эмес, элдин каалоосу менен кетет.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы жөнүндө

Мага экспертиза дайындалган иш токтогон. Эксперттер, интеллигенттер Арстан Алай психолог, окумуштуу, алдын ала айтуучу деп чыгарыптыр. Анан да менин айткандарымда диндер ортосунда кастыкты козутуу деген болгон эмес, ошону менен иш декабрь айынын аягында токтогон.

Булак: Барс Медиа

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.