Чек ара кызматы: Майрам Акаева Кыргызстанга келген жок

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 15:55
0 ой-пикир

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келгени тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды.

«Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди деген маалымат чындыкка туура келбейт. Ал чек арадан өткөн эмес”, — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

12-февралда айрым интернет-сайттар Акаева Кыргызстанга келгенин, ал эл аралык «Манас» аэропортунун VIP залы аркылуу чек ара көзөмөлүнөн өткөнүн жазышкан.

Эскерте кетсек, туңгуч президент Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын уулу Айдар Акаев 2020-жылдын 5-февралда жүрөк оорудан каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилди. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.