"Азаттыктын" адвокаты Свердлов райондук сотунунун аныктамасына каршы арыз берди

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 11:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 11-февралга дайындалган Матраимовдордун үч медиага карата доосу боюнча сот отуруму болгон жок.

Буга «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин Бишкек шаардык сотуна жолдогон жеке арызы негиз болду. Адвокат шаардык сотко Свердлов райондук сотунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүдөн баш тарткан аныктамасына каршы арыз жазган.

Буга чейин ишти юристтин мындай өтүнүчүн судья Жылдыз Ибраимова канаттандырган эмес. Судья ишти Ленин райондук сотуна өткөрүүгө негиз жок деп тапкан.

Мындан тышкары «Азаттык», «Kloop.kg» медиаларынын жактоочулары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керектигин билдиришкен.

Юристтердин айтымында, тараптар сотко бир нече жолу ишенбестик көрсөтүп, бирок ал канааттандырылбаган учурда ишти башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч берилет.

Жоопкер тараптын адвокаттары Свердлов райондук сотунун төрайымына ишеним болбой жаткандыктан, бул соттун башка да судьяларына ишенбей турганын айтып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.