Кордайдагы башаламандык: 25 кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 09:58
0 ой-пикир

Казакстанда Кордай окуяларына байланыштуу «жапырт түрдө башаламандык чыгаруу, башаламандыкка үндөө, бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү, мүлктү жок кылуу жана мыйзамсыз түрдө колго курал жасоо» фактылары боюнча 25 кылмыш иши козголду.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Анын эң негизги максаты – уюштуруучуларды, чагымчылдарды жана күнөөлүүлөрдү табуу.

8-февралда кечки саат тогуздан тартып Жамбыл облусунда жергиликтүү бийлик Кыргызстан менен чектеш Кордай районуна өзгөчө кырдаал киргизген.

Казак полициясы маалымдагандай, кагылышууга коңшу айылдардан 300гө чукул киши келген. Сортөбе жана Масанчи айылдарына полициянын кошумча күчтөрү жиберилген, бирок мушташкандар күч органдарынын кызматкерлерине «катуу каршылык көрсөткөн». Полиция алар таш, металл буюмдарды жана ок атуучу куралдарды колдонушканын кошумчалды.

Кийинчерээк чатакка Аукатты жана Булан-батыр айылдарынын тургундары да аралашкан. Полиция бул айылдардын баарын курчоого алып, кирген-чыккан жолдорго тосмолорду койду.

8-февралга караган түнү Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан он адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алды. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы жээгинде жайгашкан. Буга байланыштуу башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөн.

Кордай районундагы Масанчи айылында 2009-жылкы эл каттоого ылайык, 13 миңден ашуун киши жашайт. Алардын 90% дунгандар, 5% казактар жана 5% орустар.

Ал эми Сортөбе айылынын 14 миңден ашуун тургуну бар. Бул эки айылда жана аларга канатташ бир нече кыштакта дунгандар басымдуулук кылат.

Казак бийлиги кан төгүү менен коштолгон тополоңдун чоо-жайын так түшүндүрө элек. Коңшу өлкөнүн өкмөтү «бейбаштыктан айынын чыккан мушташты улут аралык жаңжал кылып көрсөтүп жатат» деп «чагымчылдарды» күнөөлөдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.