Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 15:01
0 ой-пикир

Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 7-февраль күнү Бишкек шаарында УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 миң 500 (он миң беш жүз) евро жасалма акча сатуу учурунда 27 жаштагы А.С. аттуу КР жараны кармалган.

«Такталган маалыматтар боюнча, А.С. жасалма акчаны «К.Э.П.» ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассиринин көмөгү менен сатып келген», — деп бидиришти УКМКдан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

«Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.