Президент Сооронбай Жээнбеков UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мушкер кыз соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы куттуктоо менен биргеликте Шевченкону Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.
«Техас штатындагы ЮФС 247 беттешинде чемпиондугумду коргогондон кийин Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент», — дейт Шевченко.
Валентина Шевченко 9-февралда Техас штатынын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында америкалык спортчу Кэтлин Чукагян менен беттешкен.
Натыйжада кыргызстандык мушкер кыз техникалык нокаут менен уткан. Ушуну менен ал чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоду.