УКМК: Фархат Баабиевдин билдирүүсү кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 10:51
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Фархат Баабиевдин УКМК кызматкерлери ал катышкан (аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылган) сүйлөшүүнүн аудиосун монтаждап жана анын элден кечирим сураган видеону телефонго тартып алып интернетке таратты деген билдирүүсү кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети деп баалайт.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын чыгарылган корутундусуна ылайык, Ф.Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чыкырактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, Казахстан Республикасынын Алматы шаарындагы сот экспертиза инстититутунун соттук-фоноскопиялык экспертизасынын берген корутундусуна ылайык жазылган үн жана сөз Ф.Баабиевге таандык болгону аныкталган.

«Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-августунда «YouTube» видеохостинг сайты аркылуу («Фархат Баабиев» менен «Амандын» ортосундагы телефондук сүйлөшүү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени эңсеген?» деген темада аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видео-жарыя таратылган. Ф.Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облусунда Ош облусунун ишкерлеринин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот. Ф.Баабиевдин жогоруда аталган видеосу республиканын тургундарынын жана социалдык тармактарды колдонуучулардын арасында нараазычылык жараткан», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Буга байланыштуу, 2019-жылдын 15-августунда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Ошону менен бирге, КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшүндө, массалык башаламандыкты уюштурууда Ф.Баабиев активдүү катышкандыгы аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдын 14-августунда КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ал массалык башаламандыкка катышкан деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган», — деп билдирет УКМК.

Азыркы учурда КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Ф.Баабиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш аяктоодо.

«Буга байланыштуу, Ф Баабиевдин эмне себептен мынча убакыт унчукпай отургандыгы боюнча суроолор пайда болот», — деп билдиришти УКМКдан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.