Сирия согуш аймагына жиберүүгө адамдарды жалдаган террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 12:14
0 ой-пикир

2020-жылдын 5-февралында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүрүгүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында КР аймагында тыюу салынган эл аралык террористтик уюумунун мүчөсү 1985-жылы туулган А.А. кармалды.

Ал КР жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сирия согуш аймагына жиберүүгө катышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренеси («Жалдануучулук») боюнча каралган кылмышынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.