Пара менен кармалган транспорт министринин орун басары 8-апрелге чейин камакка алынды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 15:31
0 ой-пикир

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев соттун чечими менен 8-апрелге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, чечим 8-февралда Биринчи май райондук сот тарабынан кабыл алынган. Ошондой эле Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов да камака алынган.

Алар экөө тең УКМКнын тергөө камак жайында кармалат.

Белгилей кетсек, 7-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Жеңишбек Ногойбаев 10 миң доллар пара берип жаткан учурда кармалган.

Министрдин орун басары УКМК ККК кызматкерлерине, сотко чейинки өндүрүш ишинде фигурант болгон министрликтин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген.

Ошол эле күнү, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.