8-февралда “Дасмия” комплексинде “Элдик курултай” кыймылы уюштурган курултай өттү. Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан 500гө жакын делегат келген.
Курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, “Элдик курултай” кыймылынын лидерлеринин бири, жакында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындалган Азимбек Бекназаров да катышкан.
Бекназаров курултайдын жүрүшүндө берген маегинде Кыргызстандагы саясий коррупциянын системалык түрдө орун алышына шайлоо системасы күнөлүү экендигин айтты. Ал системаны өз убагында, Максим Бакиев, Адахан Мадумаров, Медет Садыркуловдор түзгөн деп айыпка жыкты.