Ат-Башыга курулуучу логистикалык борбор боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 09:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-февралда Ат-Башыда салынышы пландалып жаткан логистикалык борбор тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны болот. Бул туралуу Өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылйык, басма сөз жыйнында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек уулу Шумкарбек, экономика министринин орун басары Султан Ахматов жана аталган министрликке караштуу аймактык башкармалык башчысынын орун басары Улан Сопукеев катышат. Алар борбордун иши, ага ээлик кылуучу тарап тууралуу жана башка маалыматтарды журналисттерге айтып беришет.

Эскерте кетсек, Логистикалык борбор куруу долбоору «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына таандык. Аталган ишканага кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна кытайлык ишкер 280 миллион доллар сарптоого даяр экени, анда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок экени айтылган.

Чек арага жакын жерге мындай соода борборунун курулушуна каршы жергиликтүү калк нааразы болуп, бир нече акцияларга чыгышкан. Каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деген чочулоосун айтышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.