8-февралда Кордайдагы башаламандыктан кесепетинен Кыргызстандын аймагына 4500дөй киши өттү.
Сегиз адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин Казахстандан Кыргызстан тарапка негизинен «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү бекетинен өтүшкөн.
Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордайдан Кыргызстандын аймагына киргендер көбөйгөнүн, алар тепловизор аркылуу коронавируска текшерилгенден кийин гана өткөрүлүп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.
Маалыматты атайын органдар тастыктай элек.