Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүүдө

Окуялар тизмеги 09 Фев 2020 18:09
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-февралда Азербайжанда парламенттеги (Милли межлис) 125 орун үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Ага 19 саясий партия катышып, 1,3 миңдей талапкер ат салышууда.

Саат 8.00де 5573 шайлоо участкалары ачылды. Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 5 миллион 329 миң 460 жаран кирген.

Каттоодон өткөн 1314 талапкердин 79 пайызын эркектер , ал эми 21 – пайызын аялдар түзөт.

Эске сала кетсек, Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2019-жылдын 5-декабрда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2020-жылдын 9-февралына дайындаган.

Азербайжан парламенти өзүн өзү таркатып, мунун себебин Милли Межлистин «жаңылануусу» менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде оппозициядагы демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши буга каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Алиевдердин үй-бүлөсүнүн бийлигин дагы бекемдей турганын билдирген.

Быйыл октябрда өлкөнүн премьер-министри Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин экономикалык маселелер боюнча жардамчысы Али Асадов дайындалган.

Анда бийлик өкмөт башчы «реформалардын» алкагында алмаштырылганын билдирген.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан.

Илхам Алиев 10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.