"Түндүк" системасына 62 мамлекеттик орган кошулду

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 11:23
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда санариптештирүү саясатынын алгачкы жетишкендиктерин атады.  

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм кошулду. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка которуу — ыкчам темпте жүрүүдө. Мамлекеттик портал аркылуу 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис жеткиликтүү болду. Ал эми «Мамлекет — платформа катары» долбоору аркылуу 85 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервистер ишке киргизилген.  Ошентип, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин жалпы саны бүгүнкү күндө 276ны түзөт. 13 маалымкат автоматташтырылып, орточо 1,5 млн. маалымкат электрондук форматта берилди.  Мамлекеттик органдардын ортосунда 20 млн ашык электрондук форматта маалымат алмашуу (транзакция) жүргүзүлдү, алардын өз ара аракеттенүү процесси тездетилди.  Бул канчалык деңгээлде бюрократияны жана убакытты азайтканы, кагазды үнөмдөгөнү түшүнүктүү. «Санарип аймак» санариптик платформасы иштелип жатат, жакынкы арада бул система ар бир айыл өкмөттүн ишине кире баштайт. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо — анын ичинде бардык чет өлкөлүк мекемелерде «Паспорт», «Жарандык абалдын актыларын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди» -деди Жээнбеков

Мамлекет башчысы санариптештирүү коррупцияга каршы күрөштүн алкагында адамдык факторду азайтуудагы, коррупция менен күрөшүүдөгү эң негизги курал экенин белгиледи.

Бул тууралуу президент Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.