Мас абалында кармалган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы кызматынан кол жууду

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 10:14
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушун колдоп, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттин 7-февралдагы жарлыгы менен судьянын бул соттогу ыйгарым укуктары токтотулду.

Тартип комиссиясы президентке Жалал-Абадда мас абалында машине айдады деп шек саналып жаткан судьяны кызматынан алуу жөнүндө сунуш жөнөткөнү 27-январда маалым болгон.

Тартип комиссиясына сунушту Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева киргизген. Комиссия сунушту канааттандырып, президентке жөнөткөн.

Милициянын маалыматына караганда, былтыр 30-декабрга караган түнү Жалал-Абад шаарында жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Рейд учурунда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» машинесин сүзүп алган. Текшерүү «Тойота» машинесинин айдоочусу, судья Элмира Сулайманова автоунааны жанында документтери жок, мас абалында айдап баратканын аныктаган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтотмого коюлуп, айып салынган.

Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.

Кийин Элмира Сулайманова жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү ага карата түзгөн протоколду жокко чыгарууну суранып өзү иштеген Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.