ВИДЕО: Кыргыз-казак чек арасында жапырт мушташ чыкты

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 11:33
0 ой-пикир

7-февраль күнү кечки маал Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болду.

Белгилей кетсек, Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Булак: Азаттык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.