Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. 7-февралдан 8-февралга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, «Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй жарандардын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны көбөйгөндүгү байкалган, ошол эле убакта окуялар жана чыр-чатактар катталган эмес.
“Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.