Кордайдагы башаламандыкта 8 адам каза болду. Сүрөт

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 16:37
0 ой-пикир

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктын кесепетинен 8 жаран каза болду. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев маалымдаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Башаламандык учурунда 10дой адамга ок тийип, алардын 8и мерт кеткен. Андан тышкары 30дай үй, 15 соода жайы жана 22 унаа өрттөлгөн. Учурда келтирилген чыгымдарды тактоо иштери дале уланып жатат.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дуңган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Кыргызстандын Чек ара кызматы өткөрмө пункттарында абал туруктуу экенин, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдаган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.