Кордайдагы башаламандык: окуянын чоо-жайы айтылды

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 19:34
0 ой-пикир

Казакстандын Ички иштер министрлиги Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 7-февраль күнү саат 19.00дөр чамасында Жамбыл облустук полиция департаментине Кордай районундагы Масанчи айылынын четинде 70тей адам чогулуп мушташып жаткандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ал жерге Кордай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Ошол маалда чагымчылдар, күбөлөр окуяны видеого тартып алып мессенжер жана социалдык тармактар аркылуу таратып, жарандарды мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн. Натыйжада массалык мушташтын катышуучуларынын саны көбөйүп, ал жерге кошуна айылдардан 300дөй тургун келген.

Коомдук тартипти жөнгө салуу максатында айылга кошумча күчтөр тартылган. Бирок чыр-чатакка катышкандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, баш ийген эмес. Алар колуна темир, таш алып, ок атуучу курал колдонгон.

Кийин мындай мүнөздөгү окуялар Аухатты, Булан-Батыр айылдарында башталган. Ошондо бийлик өкүлдөрү калк жашаган аймактардын кире беришине блок-постторду койгон.

Массалык башаламандыкта ондогон адамга ок тийип, жарандар түрдүү жаракаттарды алып, эки полиция кызматкерине ок тийип, сегиз тургун көз жумган.

Андан сырткары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.

Учурда абал көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Анда жалпы 47 адам кармалып, алардан эки аң улоочу мылтык алынды.

Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча («Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу»), («Адам өлтүрүү») сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул окуядан чагымчылдар пайдаланып кеткендигин айтып, укук коргоо органдарына күнөөлүүлөрдү таап, катуу жазалоону табыштаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.