Аскар Акаев туң уулунун өлүмү боюнча үн катты

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 10:37
0 ой-пикир

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев BBCнин журналисттерине уулу Айдар Акаев боюнча суроолоруна жооп берди.

«Мен тун уулуман ажырадым… Анын жүрөгү ооруп жүрчү, инфарктан каза тапты. Биздин үй-бүлө аны Москвада жерге берүүнү чечти», — деп журналисттерге жооп берген.

Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумган. Ал 44 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды.

Ушул эле күнү Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кеминде жерге берилди. Кубан Акаев кант диабетине чалдыгып, узак жылдардан бери дарыланып жүргөнү маалым болду.

Эскерте кетсек, Айдар Акаев 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бул коомдо чоң нааразычылык жаратып, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын Москвада жеке ишкерлик менен алектенери айтылып жүргөн.

Айдар Акаевдин сөөгү бүгүн 8-февралда Москвада жерге берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.