Айдар Акаевдин сөөгү Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 17:16
0 ой-пикир

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Москвадагы кабарчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айдар Акаев менен коштошуу зыяратына 200дөн ашуун адам чогулду. Алардын арасында Акаевдердин жакындары, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болду.

Кыргызстандан тажияга Аскар Акаев бийликте турган мезгилде ар кыл мамлекеттик кызматтарды ээлеген Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов ж.б. бир топ адамдар барган.

43 жаштагы Айдар Акаев 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.