Тышкы карыз ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөдү

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 09:06
0 ой-пикир

«Биз тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк. Каржы министрлиги кредиттерди кечүү, аларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштеп жатат, Министрликте атайын башкармалык түзүлгөн», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик тышкы карыздын суммасы акыркы эки жылда ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөдү.

Сооронбай Жээнбеков бардык сырткы карыздар калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык долбоорлор сыяктуу тез натыйжа бере турган долбоорлорго карата абдан рационалдуу колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 млрд сомдон ашык же 335 млн доллар жумшаларын айтты. Тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет.

Ал узак мөөнөткө, грант элементи жогору болгон, жеңилдетилген кредиттерди тартып, алар экономиканын приоритеттүү делген энергетика, жол инфраструктурасы, таза суу, ирригация, кайра иштетүү, айыл чарба тармактарына жумшалып жатканын айтып берди.

Жеңилдетилген узак мөөнөттүү карыз жана инвестицияларды тартмайынча экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.