Трамптын сый тамагына ЖКнын кайсы депутаттары катышты? Сүрөт

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 13:23
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен депутат Жыргалбек Турускулов АКШ президентинин ар жылдык сый тамагына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

1953-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан иш-чара бул сапар Вашингтондо бейшемби күнү өттү. Эртең мененки тамактын максаты дүйнө өлкөлөрүнүн саясий, диний, социалдык жана бизнес элитасынын мамилесин чыңдоого багытталган.

68-ирет ирет өтүп жаткан бул иш чарага дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн 3 миңге жакын адам катышкан.

Былтыр аталган иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Жылдыз Мусабекова, Нурбек Алимбаев, Абдыбек Дүшалиев, Пархат Тулендыбаев жана Улукбек Ормонов катышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.