Эмомали Рахмон ар бир үй-бүлөгө "Тажиктер" аттуу китепти тартуулайт

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 11:38
0 ой-пикир

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандагы ар бир үй-бүлөгө академик Бобожон Гафуровдун «Тажиктер» аттуу китебин белек кылат.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февраль күнү Эмомали Рахмон «Бобожон Гафуровдун «Тажиктер» аттуу китебин басып чыгаруу тууралуу» токтомго кол койгон.

Ал токтомдо белгиленгендей, Тажикстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын өткөрүүгө карата «Тажиктер» аттуу китеби басып чыгарылып, ар бир үй-бүлөгө президенттин атынан белекке берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.