Элчилик Кытайдагы кыргыз студенттери менен байланышта болбой жатабы? ТИМдин жообу

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 16:27
0 ой-пикир

Тышкы иштери министрлиги Шаньдун политехникалык университетинде окуган кыргызстандык Т.С., Н.А. жана А. Э. кызы аттуу студенттер менен байланышта болбой жатат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги аталган студенттер менен байлашышта болууда. 3-февраль күнү элчиликтин кызматкерлери Н.А. менен телефон аркылуу байланышып, ага тиешелүү кеңештерди берген.

«28-январдан бери элчилик А. Э. кызы менен байланышты кармап турууда. 30-январдан бери Т.С. менен байланышта болуп, ага суроолору боюнча керектүү кеңештер берилүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

«Айрым ММКлар туура эмес маалыматтарды чыгаргандан кийин, Т.С. элчиликтин кызматкерлери менен болгон телефондук сүйлөшүүдө, бул маселеде жаңылыштык болгонун билдирди. Элчилик тарабынан берилген кеңештердин жана көмөктүн жыйынтыгында ал Бишкекке учак билетин сатып алып, жакынкы арада Кыргызстанга келүүнү пландап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, «WeChat» социалдык тармагында түзүлгөн топ аркылуу элчиликтин кызматкерлери, Шаньдун политехникалык университетиндеги бардык студенттер менен байланышты туруктуу кармап турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.